Бүгүн Бишкекте башталып жаткан "Бир дүйнө-Кыргызстан" 9-эл аралык кинофестивалы "Азаттык" радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев тарткан "Кыял" тасмасы менен ачылат. Тасмада Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Ак-Учук айылынын тургуну, тубаса майып, 10-класстын окуучусу Нургазы Жакшылык уулунун кыялы тууралуу баяндалат. Өз алдынча баса албагандыктан аны сегиз жылдан бери иниси коляска менен мектепке сүйрөп барып, сүйрөп келчү. Тасмага тартылып жатып Нургазы инисин Дастанды убара кылбай, квадроцикл менен мектепке барууну кыялданарын айтып берген.
Натыйжада "Элим, барсыңбы?" фонду аркылуу атын атагысы келбеген “белгисиз демөөрчү” табылып, Нургазынын кыялы орундалган. Баасы 1000 долларлык квадроциклди Уланбек Эгизбаев Кочкорго барып өзү тапшырып, Нургазынын жана анын жакындарынын кубанычына күбө болуп келген.
Бул тууралуу видеорепортаж англис тилине которулуп, чет өлкөлүк маалымат каражаттарына да таркаган.
Адам укугуна арналган “Бир дүйнө-Кыргызстан” фестивалына быйыл 18 чет элдик, 4 жергиликтүү фильм тандалган. Алардын бардыгы аялдар жана балдардын укугу тууралуу тартылган тасмалар. (RK)