11-декабрдын аба ырайы

Бишкек

11-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...-7,

Таласта түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...-7,

Баткенде түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5,

Нарында түнкүсүн -11...-16, күндүз -5...-10,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -9...-14.

Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы ыктымал, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз -3…-5.