Култегин: Кыргыз маданиятынын түрк дүйнөсүндөгү баасы өстү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын Түрк маданиятынын Эл аралык Тюрксой уюмундагы өкүлчүлүгү узак мезгилден кийин кайрадан жанданып, иштей баштаганына бир жыл болду. Кыргызстандын Тюрксойдогу өкүлү, акын, драматург Кожогелди Култегин Эл аралык уюмдун алкагында жасалып жаткан иштер жана алакалар тууралуу “Азаттыкка” маек курду.