Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракеси жыйынтыкталды

Бүгүн Бишкекте XX кылымдын уникалдуу ырчысы Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракеси жыйынтыкталды. Салтанатта режиссер Темир Бирназаровдун легендарлуу ырчынын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу тарткан даректүү тасмасы көрсөтүлдү.

Кыргыз музыкасынын бүтүндөй бир доору деп эсептелген ырчы, Кыргыз ССРинин эл артистинин мааракесине байланыштуу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев куттуктоо жолдоду.

Анда "Элдик ырлар тууралуу кеп болгондо кыргыз эли биринчи кезекте уккулуктуу мукам үндүү Мыскал Өмүрканованы эстейт. Ал аткаруучулук чеберчилиги, жараткан тартуулаган жагымдуу үнү аркылуу бүтүндөй бир муундун сүйүктүү ырчысы катары таанылып, жалпы элибиздин сыймыгына айланды. Чыгармачылык чыйырын айыл жеринде элдик ырларды аткаруу менен баштаган Мыскал Өмүрканова Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында кыргыз филармониясынын ырчысы катары фронтко чейин барып, шаңшыган жагымдуу үнү, уккулуктуу ырлары менен жоокерлерибизди Жеңишке шыктандырган. Кыргыздын кыйырын аралап, элибиздин демине дем, күчүнө күч кошкон артисттерибиздин бири болгон" деп айтылат.

Таланттуу ырчы өзү дагы комузда кол ойнотуп, “Ак бермет”, “Жүрөгүмдөн”, “Колхоздогу курбума” жана “Колхозчунун күйгөнү” сыяктуу ырларды жараткан. (RK)