Сүттүн базар баасын кайра карап чыгуу тапшырмасы берилди

Сүттү кайра иштеткен ишкана. Чүй облусу

Дүкөндө сатылып жаткан сүттүн баасы боюнча маселе териштирилиши керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Темир Сариев бүгүн Айыл чарба жана мелиорация министрлигине берди.

Өкмөт башчы сүт өндүрүүчүлөрдөн 1 литри 10 сомдон кабыл алынып, кыйла арзандап кеткенин, бирок ошого карабастан чекене соодада кымбат бойдон калып жатканын айтты.

Учурда Бишкектин дүкөндөрүндө атайын кагаз идишке куюлган сүттүн 1 литри 40 сомдон жогору сатылууда. (RK)