Анда президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүүнү көздөгөн референдумдун жыйынтыгы бурмаланды деген доомат айтылууда. Армениянын борбордук шайлоо комиссиясы болсо жарандардын 63 пайыздан ашууну конституциялык өзгөртүүнү колдоп добуш бергенин жарыялаган болчу. Оппозиция президент Серж Саркиясн бийликте калыш үчүн өзүнө ыңгайлуу шарт даярдап жатат деген таризде бул референдумдун жыйынтыгына нааразылык билдирип чыкты.
Армениянын улуттук конгресси оппозициялык кыймылы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады. Анын лидери Левон Зурабян өкмөт тиешелүү жыйынтыкты камсыздоо үчүн добуштарды сатып алууга жана бир нече курдай добуш берүүгө жол берди деп билдирди. Мына ошондуктан оппозиция референдумдун жыйынтыгы бурмаланды деп эсептеп, аны жокко чыгарууну талап кыларын билдирген болчу. (KJ)