Эл аралык мунапыс уюму Мухаммед Бекжанды коргоо өнөктүгүн баштады

Мухаммед Бекжан

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Эл аралык мунапыс уюму Өзбекстанда 16 жылдан бери камакта жаткан журналист Мухаммед Бекжанды эркиндикке чыгаруу талабы менен ири өнөктүк баштады. Уюм тараткан билдирүүгө ылайык, акция 4-декабрдан 17-декабрга чейин бир катар мамлекеттерде уюштурулат.

61 жаштагы Мухаммед Бекжан өзбек оппозициясынын жетекчиси Мухаммед Салихтин иниси. Камалганга чейин “Эрк” гезитинин редактору болгон.

Бекжанды Ташкентте 1999-жылкы жардырууларды уюштурду деп Киевден кармап Өзбекстанга алып кетишкен. Сот аны 15 жылга эркинен ажыраткан. Үч жыл мурун абакта бейбаштык кылды деп дагы 4 жыл 8 айга камак мөөнөтү узартылган. (SE)