Журналист Орунбековго он күндүн ичинде айып пулду төлөө талабы коюлду

Аламүдүн райондук прокуратурасы журналист Дайырбек Орунбековго он күндүн ичинде сот тарабынан чегерилген 2 млн. сом айыпты төлөөнү жана президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган маалыматтарды төгүндөөнү сунуштады. “Maalymat kg” сайтына 2014-жылы сентябрь айында жарыяланган “Алмазбек Атамбаев унуткан, Роза Отунбаева жаап койгон Ош окуясына качан саясий баа берилет” деген аталыштагы Орунбековдун макаласында президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирген деп, сот Орунбековго 2 млн. сом айып пул салган.

Орунбековдун жактоочусу Адил Турдукуловдун 3-декабрдагы маалымдоосуна караганда, Дайырбек Орунбеков 12-декабрга чейин аталган сумманы президент Атамбаевдин пайдасына чегербесе, анда аны кылмыш жообуна тартуу маселеси чыгат. Ал эми Орунбековдун анчалык айып пулду төлөөгө чамасы жок. (AiT)