Кесибин сүйгөн адамдар

Карегимде чек ара! Сүрөттөгү Ахунжанова Жанин Маккамбаевна Кыргыз Республикасынын чек ара кызматкери. Кандай гана кесип болбосун, ал биздин коомго пайдалуу. Ошолордун ичинен биздин Ата Мекенди коргогондор - чек арачылар. Автору Абдикаимов Нургазы.   

Бул айдоочу. Мурда деле айдоочулук кесип болгон. Бирок ал кезде баары эле машине айдаганды билген эмес. Азыр ар бир экинчи адам машине айдай алат. Сүрөттө трактордун айдоочусу кар жаагандан кийин жолду тазалоодо. Мындай айдоочуну дайыма эле кезиктире албайсың. Бирок кар жааганда ага жолугууга мүмкүнчүлүк бар. Эң башкысы анын иши дароо көзгө урунат. Ал иштеп кеткенден кийин Ала-Тоо аянты таза, сейилге чыксаң болот. Эч ким тайгаланбайт. Автор Stanislav Fennec​

Сүрөт Сарычат-Ээрташ коругунда 2014-жылы тартылган. Сүрөттөгү 22 жаштагы Саламат Бактыбек уулу эң жаш корукчу. Ат үстүндө жайы-кышы, күндөп-түндөп узак жол жүрүп, тоодо ачык асман астында түнөп, жаратылышты мыйзамсыз аңчылардан коргоп келет. Сүрөттө ал жапайы кийиктерге байкоо жүргүзүп жаткан учур. Алардын талыкпай иштөөсүнүн натыйжасында корукта аркардын саны учурда эки жарым миңге жетип, илбирстин саны 20га чукулдады. Сүрөттү тарткан Жумабай уулу Кубанычбек

Баткен шаарында тойлордо тамадалык кызматты аркалап келген Аскар Баймуратов. Сүрөттүн автору Кабыл Жайнаков

Жаш футболчулар. Бишкектеги "Дордой" командасында ойногон балдар. Жалал-Абад, Талас, Ош, Бишкек командаларын жеңип, биринчи орунду ээлеген учур. Автору Алтынай Дөлөткелдиева 

Замир байке 130-микроавтобустун айдоочусу. Мен, Бейшенбаев Айтемир бул сүрөт менен коомчулукка маршрутканын айдоочулары деле биздей адамдар экенин, алардын да үй-бүлөсү барын эстетип, аларга карата мамилебизди оңдоого чакырам. Себеби бул байкелердин күчү менен биз көптөгөн жумуштарыбызды бүтүрүп жатпайбызбы. Элдин баарында эле эки-үчтөн машине жок да.

Саяпкер. Ат багуу - биздин кесип. Айылда жумуш жоктугуна байланыштуу биз ат багып, анын үзүрүн көрөбүз. Ала-Бука районунун Ак-Башат айылынан Индус, 21 жашта.

Краснодар шаары. Мекенибиздин болочок учкучтары. Арийне бийиктикте учуу, Мекенди көздүн карегиндей сактоо эң татаал жана кооптуу кесиптердин катарын толуктары күмөнсүз. Бирок буга карабастан билим алып жаткан эр жигиттер. Автору ​Нуржигит Нургазыев

Дыйканчылык кесиби ушундай. Дыйкан Бекмамат. ​Автору Муктаров Бекмамат

Мейманканада официант болуп иштейм атым Кубатбек Кайрат улуу. Менин конокторго бөлмө үчүн керек буюмдарды таратам жана заказ кылган тамагын алып келип берем. ​

Ашпоз Нурлан Алтынбеков. Автору Турусбек Досумбеков

Күнүнѳ 300дөн 400гө чейин нан жапкан наабайчы Рахмондун бул кесипти аркалаганына алты жылдын жүзү болуптур. Ал жасаган нандар Бишкектин дүкөндөрүндө сатылат. Рахмондун нандары өзгөчө даамдуу болгондуктан өз кардарлары бар. Ал жапкан нан 20 сомдон сатылат. ​Автору Бакыт Тѳрѳгелди уулу. Сүрѳт 02.11.15 тартылды.

Жапонияга келген студенттерге жапон тилин үйрөткөн мугалим Хигоши Яма. Автору Кылычбек Сарымсаков