Иран ядролук курал жасоо максатында айрым иштерди жүргүзгөн

Натанзедеги өзөктүк электростанциясы. Иран, 30-март, 2015-жыл

Мындай маалымат Бириккен Улуттар Уюмунун атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин 2-декабрда жарыяланган баяндамасында айтылган. Агенттиктин маалыматы боюнча, Иран 2003-жылга чейин ядролук курал жасоо багытында жыйнактуу иш жүргүзгөн. Андан кийин да 2009-жылга чейин кандайдыр бир иштер жүргүзүлгөн, бирок ал мурунку максаттуу иштердин уландысы болгон эмес. Баяндамада 2009-жылдан кийин ядролук курал жасоо багытында Иран кандайдыр бир иштерди аткарганы тууралуу далилдер жок экени белгиленген. Быйыл 14-июлда Венада Иран жана ири алты мамлекет Тегерандын ядролук программасы боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык Иран уранды байытуудан баш тартты. Алты ири мамлекет анын ордуна санкцияларды алууда. (AiT)