Кыш келерде жылый түшкөн күндөн кийин 2015-жылдын 5-декабрынан 7-декабрга чейин аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн. 5-декабрда күндүз жаан жаап, 6-7-декабрда жаан карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болушу ыктымал. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардагы автожолдор тоңголок, тайгак болот. 5-декабрда айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
3-декабрда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоо жолдору тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17,
Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16,
Баткенде түнкүсүн -1...+4, күндүз 11…16,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10,
Нарында түнкүсүн -6…-11, күндүз 2…7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5.
3-декабрда Бишкек шаарында ала-булут каптап турат, түнкүсүн жаан-чачын болбойт, кечкурун бир аз жаан жаашы мүмкүн. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 13…15° жылуу болот. (КЕ)