Бийчи жана ашпозчу, дыйкан жана музыкант

Таштанды тазалоочулар иш учурунда. Автору Асхат Субанбеков. Бишкек, 2015-жыл. 

"Бийчилер".  Жаш балериналар сабак учурунда. Автору Айзат Болотбек кызы

"Баба дыйкан". - Уулум, -дейт баба дыйкан Бейшен Жаркулов, жанында кошо буудай сээп жаткан баласына, -үрөн сепсең Жер эненин акысы, канаттуулардын, чычкан келемиштердин акысы деп ашыкчараак сээп жүр. Алардын да бул үрөөндө акысы бар. Алар ыраазы болсо, түшүм мол болот, кудай кааласа күзүндө кызыл кырман көтөрөбүз,-деп жакшы тилек менен күзгү буудайды сээп жаткан учуру. Сүрөт 2015-жылы 13-октябрда, Базар-Коргон районунун Коткор кыштагында тартылган. Сүрөттү тарткан Нурмамат Сапарбаев.

"Ширетүүчү". Бишкек жылуулук борборун модернизациялоонун биринчи баскычы боюнча иш жүрүп жаткан учур. Автору Жылдыз Жороева.

Музыкант Озан Оздемир (Ozan Özdemir) 24 жашта. Ал пианинодо ойноону төрт жашынан баштаган. Мындан тышкары да түрдүү жети аспапты черте алат. Сүрөт Озан Оздемирдин Түркиядагы музыкалык аспаптарды саткан дүкөнүнөн тартылган. Ал мыкты устат катары да белгилүү. Автору Айпери Жумабек кызы

Сүрөттө Кыргызстандын көрүнүктүү археологу - Табалдиев Кубатбек практиканттарга петроглифтер менен иштөөнү үйрөтүүдө. Археолог - ата-бабаларыбыздан калган маданий мурастарды изилдейт, элге таанытат жана сактайт. Автору Кечиева Замира. 

Археология- романтиктердин кесиби. Археологиялык практикада. Ысык-Кол облусу, Тоң району, Туура-Суу айылы 2014-жыл. Автору Гулназ АСКАРБЕК. 

"Эне балдары менен. Сүрөттө Сайкал төрт баласы Орозбек, Мухаммад, Али, Умар менен". Автору Эркинбек Курманалиев.

"Ашпозчу. Москвадагы мигрант". ​Автору Жетимиш кызы Камила 

Бактыгул эже Лейлекте бирдик салып иштейт. Неберелерине, майда-чүйдөгө иштеп тапканы жетерин айтат. ​Бул сүрөттү мен - Айгүл кызы Каныбек тарткам. Мен Бактыгүл эженин жанында соода-сатык кылам. 

Азамат Бердияров өзү тубаса азиз болгонуна карабай, ди-джейлик кесипти аркалап келет. Ал иштеп жаткан учурундагы сүрөт. Автору ​Динара Маматөрө кызы.

Тикмечи кыз - Нуржанат. Азыр Кыргызстанда жеңил өнөр жайы өнүгүп, чет жакка Кыргызстандан сапаттуу кийимдер тигилип кетип жатканы сүйүндүрөт. Автору ​Нурайым Дүйшеева. 

"Сатуучу". Орусия, Самара облусу. Автор Руслан. 

Бул сүрөттө 80 жаштагы атам, дарыгер Кенжебай Исмаев (оң жакта), Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканада операция учуру. Автору Эрик Исмаев.

Ветеринария жаатындагы дарылоо, эмдөө жүргүзүү жана малга кам көрүү - сапаттуу продукцияны элге тартуулоо болуп саналат. Автору Алимбек уулу Максатбек.