Бүгүн премьер-министр Темир Сариев валюта рыногундагы соңку кырдаалга байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда сомдун курсун турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
-Мамлекеттик органдар бардык эсептешүүлөрдү улуттук валютада гана жүргүзүшү керек. Мында кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып алуу операциялары тууралуу сөз болуп жатат. Мындан сырткары товар жана кызмат көрсөтүүнүн баалары, жарыяда көрсөтүлгөн маалыматтык материалдарды дагы улуттук валютада жүргүзүүнү милдеттендириш керек,- деп айтты Сариев.
Ошондой эле ал валюталык операцияларды жүргүзүүдө мыйзам бузгандарга айып пулду көбөйтүү керектигин белгиледи.
Премьер-министр Улуттук банк, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилигине кайрылып, акча алмаштыруучу жайлардын уруксаты жок иштешине каршы маал-маалы менен текшерүү, рейд өткөрүү зарылдыгын билдирди. Мындан сырткары ипотекалык насыяны сом менен төлөө механизмин иштеп чыгууну тапшырды.
Доллардын кескин кымбатташына байланыштуу насыя алган айрым соодагерлер бүгүн мамлекеттен жеңилдиктерди сурап Ак үй алдына чыгышкан. (КЕ)