Белекова: Кызыбызга президент ысым ыйгарса

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын 6 миллионунчу ымыркайы 25-ноябрда 18:12де Ош шаарындагы төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген. Ымыркайдын энеси 39 жаштагы Рахат Белекованын буга чейин үч уул, эки кызы болгон. Түгөйлөр бул жаңылык алар үчүн күтүүсүз болгонун, ымыркайга ысымды президент Алмазбек Атамбаев коюп беришин суранууда.