Су-24түн учкучуна “Орусиянын баатыры” наамы берилди

Су-24 кыйраган чек ара тилкеси

Владимир Путин өлкөсүндөгү эң сыйлуу “Орусиянын баатыры” наамын 24-ноябрда Түркия-Сирия чек арасында Түркия тарабынан атып түшүрүлгөн учактын набыт болгон учкучуна берди.

Олег Пешков аттуу пилотко берилген наам тууралуу орус президентинин расмий веб сайтында жарыяланды. Окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берилбегендиктен, Пешков бул сыйлыкты эмнеге алганы так айтылбады. Тек гана “көзү өткөндөн” кийин берилди деп жазылган.

“Эрдик” медалы менен болсо, Су-24түн учкучтарын куткарууга барып, мерт кеткен тик учактын учкучу Александр Посынич жана Су24түн тирүү калган учкучу Константин Мурахтин сыйланды.