Бул тууралуу 24-ноябрда Каржы министрлигинен кабарлашты. Евразия экономикалык биримдигине кирүүдөн Кыргызстан бюджетине 5 млрд. сомдон ашык киреше түшпөй каларын каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев 24-ноябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирген. Бул бюджеттеги олуттуу жоготуу деген Бакетаев, ага байланыштуу быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү жана кошумчалар киргизилерин маалымдаган. (AiT)