Ооганстандын түндүк-чыгышында жер титиреди

Жер титирөөнүн күчү 5,9 баллга жеткени кабарланды. Ооган бийлигинин кабарлоосуна караганда, 22-ноябрда кечинде болгон зилзаланын очогу Ооганстандын Пакистан, Кытай жана Тажикстанга чектеш аймагына жакын жерде болду.

Кыйроолор жана жабыркагандар боюнча маалымат түшө элек. Жер титирөө Ооганстан түндүк-чыгышында жана Пакистандын түндүгүндө жана Индиянын борбору Нью-Дели шаарында сезилген. (AiT)