Быйыл 140 миң гектaр аянтка күздүк эгин айдалды

Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Ал ушул тапта түштүк аймактарында күздүк айдап, себүү иштери уланып жатканын, анын аянтын 170 миң гектарга жеткирүү пландалып жатканын кошумчалады. Айыл чарбадагы жаңы пландар тууралуу айтып жатып Бекбоев бул тармакты өнүктүрүүгө, экспортту көбөйтүүгө көп аракеттер жумшаларын, логистикалык борборлор куруларын белгиледи.

Кыргызстан агрардык өлкө болгонуна карабай, бул тармак өксүп, жакшы өнүкпөй жатканын эксперттер сындап келишет. (КЕ/ZKo)