Ош аба майданына конуп, учууга уруксат берилди

Бул тууралуу 22-ноябрда кечинде “Манас” аба майданынан кабарлашты. Маалыматка караганда, 22-ноябрда кечки саат 20:19 да Бишкек-Ош каттамы боюнча биринчи учак учту. Ош аба майданынан болсо биринчи болуп эл аралык каттамдар боюнча учууларга уруксат берилгенин Оштон жүргүнчүлөр кабарлашты.

Белгилүү болгондой 22-ноябрда эрте менен Краcноярск-Ош багытындагы Боинг-737 учагы Ош аба майданына конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан алты адам жеңил жарат алып, учактын өзү олуттуу зыянга учураган. Учакта 159 киши болгон. Кырсыкка байланыштуу Ош аба майданына конууга жана учууга убактылуу чектөө киргизилген эле. (AiT)