Журналист Жейсон Резайан тыңчылык боюнча айыпталып, Иран соту тарабынан кесилди. Бул тууралуу Иран маалымат каражаттары жекшемби күнү кабарлашты. Иран сотунун өкүлү Голамхосейин Мохсени Эджей Жейсон Резайан күнөөлүү деп табылып, абакка кесилгенин айтып, бирок кеңири маалымат берген эмес. Ошондой эле журналист өкүмдү жокко чыгаруу үчүн арыздана аларын белгилеген.
Ирандын мамлекеттик телеканалдары журналистти Американын тыңчысы деп атаган. “Вашингтон посттун” кызматкери жана үй-бүлөсү андай айыпты четке кагып келишет. Иран жана АКШ жарандыгы бар 39 жаштагы Жейсон Резайан өткөн жылдын июль айында кармалган. Соттук териштирүү быйыл май айында жабык эшик артында башталган. (AiT)