ЕККУ орус бийлигинин чечимин сынга алды

ЕККУнун өкүлү Дуня Миятович

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович орус бийликтеринин “Айкындуулукту коргоо кору” бейөкмөт уюмунун “чет элдик агенттердин” тизмесине киргизүү чечимин кескин сынга алды.

20-ноябрда таратылган билдирүүдө аталган уюм соңку 25 жылдан бери Орусиядагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү журналисттердин укуктарын тынымсыз коргоп келгени айтылат.

Миятович орус бийлигинин бул кадамын бейөкмөт уюмдардын иштешине олуттуу бут тосуу жана Орусия Федерациясындагы маалымат каражаттарынын плюрализмине чоң коркунуч деп атады.

2012-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, Орусиядагы чет өлкөдөн каржыланган жана саясий ишмердүүлүк жүргүзөн ар бир уюм “чет өлкөлүк агент” деп катталууга тийиш. Өткөн жылы мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр Юстиция министрлигине бейөкмөт уюмдарды бул тизмеге мажбурлап каттоого шарт түзөт.