Иран өзөктүк программасын кыскарта баштады

Ирандын президенти Хасан Роухани

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик Иран дүйнөдөгү алты ири мамлекет менен кол коюлган келишимге ылайык, өзөктүк программасын кыскарта баштаганын билдирди. Агенттиктин БУУ Коопсуздук кеңешине сунушталган баяндамасында айтылгандай, Иран уранды байытуу үчүн колдонулган центрифугалардын көлөмүн сезилерлик даражада кыскарткан.

Бир ай мурун АКШ жана Европа Биримдиги Тегеран айрым шарттарды аткарса, Иранга киргизилген санкцияларды жоюу тууралуу сүйлөшкөн. Келишимге Кытай жана Орусия да кол койгон.

Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайт деп шек санайт. Тегеран программасы толугу менен тынчтык максатты гана көздөрүн белгилеп жүрөт. (SE)