Тажик аткаминерлерине чет элдик банктарга акча сактоого тыюу салынды

Тажик акчасы - сомони

Тажикстанда мамлекеттик кызматкерлер мындан ары чет элдеги банктардан эсеп ачып, акча жана кымбат баалуу буюмдарын сактай албайт. Аткаминерлерге башка мамлекеттен кыймылсыз мүлк сатып алууга да тыюу салынды. 18-ноябрда тажик парламентинин төмөнкү палатасы “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, ушундай чектөө койду.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө эмнелер түрткү болгону айтыла элек. Бирок ал жемкорлуктун алдын алууга багытталганы белгиленген.

2014-жылдагы маалыматтар боюнча, Тажикстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны 19 миң кишини түзөт. Алардын орточо айлык акысы 1000 сомони же 150 доллар акча. (SE)