Газды доллар менен сатып алууга чек коюу сунушталууда

Кыргыз өкмөтү “Газпром” менен сүйлөшүп, көгүлтүр отунду доллар менен эмес, рубль менен сатып алуусу керек. Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, тез арада эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүү сунушталды. Депутат Дастан Бекешов доллар кымбаттаган сайын Кыргызстан ашыкча чыгымга дуушар болуп жатканын белгиледи. Азыр Кыргызстан газдын миң кубуна 165 доллардан төлөйт. Валюта курсуна жараша ай сайын "көгүлтүр оттун" төлөмү өзгөрүп турат:

-Премьер-министрби же башка тийиштүү жетекчилерби, “Газпром” менен сүйлөшүп, сатып алууну рублге өткөрүш керек. Ошондо баа кымбаттабайт,- деди Бекешов.

Кыргыз өкмөтү "Кыргызгаз" ишканасы карызга батып кетти деген жүйө менен аны Орусиянын "Газпромуна" 2014-жылы сатып, "Газпром Кыргызстан" ишканасы түзүлгөн. (SE)