А321 учагындагы бомба жүргүнчү отургучунун алдына коюлган

Синай жарым аралында кулаган орусиялык учактын калдыктары.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын эксперттери Синай жарым аралындагы “Когалымавиа” компаниясына караштуу учактын кыйрашына жүргүнчүлөрдүн отургучунун алдына коюлган бомба себеп болгон деген бүтүмгө келишти. Бул тууралуу “Коммерсант” басылмасы жеке булактарына таянып жазды.

Эксперттердин баамында, жардыруучу затты A321дин бортуна аэропорттун кызматкерлеринин бири алып кириши ыктымал. Мурдараак бомба учактын жүк ташуучу бөлүмүндө жардырылган деген божомолдор айтылып келген.

17-ноябрда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы өткөн айда Синайдагы учак террордук жарылуудан улам кулаганын бышыктаган.

Буга жооп катары мамлекет башчысы Владимир Путин учактын кыйрашына катышы бар кылмышкерлердин бардыгын таап, жазалоону убада кылды.

31-октябрда Мисирдин Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Санкт-Петербургга бараткан орусиялык учак кыйрап, борттогу экипаж менен жүргүнчүлөр 224 адам набыт болгон.