Айрым министрликтерди жоюу боюнча токтом чыкты

Kyrgyzstan -- Temir Sariev

Өкмөт башчы Темир Сариев Кыргызстандагы айрым министрликтерди жоюу боюнча токтомго 16-ноябрда кол койду. Ага ылайык, Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, 50 кызматкерин, мекемеге баш ийген уюмдарды жана каржылык, материалдык базасын Экономика министрлигине өткөрүп берет.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин айрым функциялары менен Социалдык өнүгүү министрлиги биригип, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги болот. Мурунку Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Социалдык өнүгүү жана ишкердик институтун, Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигин Билим берүү жана илим министрлигине өткөрөт.

Коргоо министрлиги Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитет болуп өзгөрдү. (SE)