Түркия президенти Эрдоган Ахмет Давудоглуга жаңы өкмөт түзүүнү тапшырды

Ноябрь айынын башындагы парламенттик шайлоодо Ахмед Давудоглу башында турган АК партиясы жеңишке жетишкен.

17-ноябрда президент Режеп Тайип Эрдоган өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Ахмед Давудоглу менен жолугушууда жаны өкмөт түзүүнү тапшырды.

Эрдоган менен Давудоглу жетектеген Өнүгүү жана адилет партиясы июнь айында өткөн парламенттик шайлоодо абсолюттук көпчүлүк добушка ээ боло албай калган. Коалициялык өкмөт куруу аракети натыйжа берген эмес. Ошондуктан кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүлүп, анда АК партиясы жеңишке жетишип, өз алдынча өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.