Жалал-Абад: жарнактардан арылуу
Шайлоодон соң саясий партиялардын чоң жарнактары алынганы менен мамычаларга жана устундарга илинген майда баракчалары айрылган бойдон турат.
Устундарга илинген кызыл-тазыл жарнактар шайлоо бүткөндөн кийин жарым-жартылай айрылып, шаардын кунарын качырууда дешет.
Жалал-Абад шаарындагы ыктыярчы студенттер биригип, өз каалоолору менен жарнактарды сыйрып жатышты.
Аларга эч ким каражат төлөп берген эмес. Бул иш чара облуста өткөрүлүп жаткан жаш жумалыгынын алкагында уюштурулууда.
Шаар бийлиги көчөлөрдү шайлоо жарнактарынан толугу менен тазалоо мүмкүн эместигин айтып, аны ар бир партия өзү аткарса дурус болорун билдирди.
Калаадагы саясий партиялардын аймактык штабдарында жарнактар алына элек. Имарат сыртында партиянын желектери да илинип турат.
Демилгечи жаштар тазалык акциясынын алкагында шаардын борбордук бөлүгүн жана Пушкин көчөсүн эски жарнактардан тазалашты.
Тазалоо жумуштарына жалпы 50дөн ашык жаштар катышты. Кийинки кадам башка көчөлөргө багытталат.
Тазалоо иштерине катышкан жаштар.