Ош шаарына көрк берген көчө галерея

Ош шаарында мурдараак көркөмдөлгөн жазуулардын гана граффитилери болсо, акыркы бир-эки жылда ар кандай каармандардын образы тартылган граффитилер да пайда болду. 

Калаадагы көп кабаттуу үйлөргө милициянын ишин чагылдырган граффитилер “Менин милициям мени коргойт” долбоорунун алкагында тартылды.

 

Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгондорго арналган граффити Youth of Osh коомдук бирикмесинин PEACE долбоорунун алкагында дубалга түшкөн. Ал ушул жылдын башында 9-май Жеңиш майрамына карата тартылган.  

“Менин милициям мени коргойт” долбоору Saferworld (Улуу Британия) эл аралык уюмунун каржылоосу менен “Түштүктөгү жаш юристтер” уюму тарабынан ишке ашкан. Аларга АКШ элчилиги тарабынан да көмөк көрсөтүлгөн. 
 

Ош шаарындагы акындар, ырчылар жана сүрөтчүлөр чыгармаларын көп мезгилде ынтымак темасына арноону адат кылып алышкан. Граффитчилер да чыгармаларында кыргыз-өзбек элдеринин достугун чагылдырууну кыйгап өткөн жок.

Ал эми бала бакчаларга тартылган граффитилер “Креативдүү бала бакчалар” долбоорунун алкагында дубал бетине түшкөн.
 

“Креативдүү бала бакчалар” долбоору “Рейнбоу” коомдук фонду тарабынан “Сорос” Фондунун колдоосу менен ишке ашкан.
 

Шаардагы «Айданек», «Жибек», «Топ жылдыз», «Мээрим» жана «Асан-Үсөн» бала бакчаларында мультфильмдердин каармандары тартылган.
 

Бакчаларда негизинен заманбап мультфильмдердин каармандары, тагыраагы смешариктер, пингвин, миньон, панда, карышкыр жана коёндун сүрөттөрү чагылдырылган.
 

Бала бакчалардын баары эле дубалдарын ар кандай нерселер менен кооздоого чама-чаркы жетпейт. Ошол себептүү аларга кызыктуу, балдарга жаккан каармандардын сүрөтү атайын долбоорлордун алкагында тартылышы чоң жардам болду.
 

Укук коргоо тармагына арналган граффитилер калктын милицияга болгон ишеничин көтөрүү максатын көздөйт. Анткени буга чейинки иликтөөлөргө погончондорго карата Ошто терс пикирлер көп экени кабарланган.
 

“Көчө галереясы” долбоорунун алкагында буга чейин Ошто граффитилердин фестивалы да өткөн эле. Анда негизинен Токтогул атындагы эс алуу багында көп граффитилер тартылган.
 

Бала бакчалардагы мультфильм каармандарынын сүрөттөрү биринчиден социалдык жайлардын көркүнө көрк кошуп аткан болсо, экинчиден балдардын исскуствого болгон кызыгуусун арттырып турат.
 

Түштүк борбор калаада жыл сайын жок дегенде төрт-бештен көрктүү граффити пайда болуп турса, бир нече жылдан кийин аларды саноого мүмкүн болбой калаарын калемгерлер айтышууда.
 

Айрымдар Ак-Бууранын жээктериндеги цемент керегелерди, шаардагы көпүрөлөрдүн капталдарын, көп кабаттуу үйлөрдүн боорлорун дагы жүздөгөн сүрөттөр менен кооздосо болоорун, ага шаар бюджетинен анча деле көп каражат кетпей турганын белгилешет.

Токтогул паркында граффити тартуу үчүн атайын эки-үч дубалча бар. Алардагы сүрөттөр эскирээри менен сүрөтчүлөр аны кайрадан жаңылап, кооздоп турат.
 

Кээ бир граффитилер башаламан сөздөрдүн жыйындысына гана окшоп көрүнөт. Бирок анда авторлордун кайсы бир маселеге байланыштуу ойлору, пикирлери жана көз караштары чагылдырылган.
 

Калаа көчөлөрүнө, социалдык мекемелерге же Ак-Буура дарыясынын боюна граффити тартуу боюнча Ош шаар бийлиги өз алдынча аракет жасаган эмес. Бийликтер көпчүлүк мезгилде искусствонун бул түрүн бейбаштык катары баалайт. 

Оштогу көп кабаттуу үйлөрдөгү, бакчалардагы жана башка жайлардагы граффитилердин дээрлик 90%ы фотограф, сүрөтчү, граффитчи Илья Тарасов тарабынан тартылган. Ага Чыңгыз Бакаев, Чыңгыз Ашимов сыяктуу достору, кесиптештери жана башка шакирттери көмөк көрсөткөн..
 

Бул сүрөтчү Илья Тарасов. Сүрөтчү шаарда жаш граффитчилердин устаты катары да белгилүү. Ал буга чейин бейөкмөт уюмдардын жардамы аркылуу “Көчө галереясы” аттуу атайын долбоорду да ишке ашырган.
 

Youth of Osh коомдук бирикмесинин PEACE долбоорунун алкагында Ак-Буура дарыясынын жанына, Рыспай Абдыкадыров атындагы көпүрөнүн алдына да тынчтыкка үндөгөн жаңы граффити тартылды. Бул сүрөттүн сыясы али кургай элек.
 

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөр жана социалдык жайлардын дубалдары бир гана жарнамалар менен эмес, кадимки колго тартылган сүрөттөр менен да кооздолгон. Граффитилерде салттуу жазуулар менен кошо Экинчи Дүйнөлүк согуштун баатырлары, милиция кызматкерлери жана мультфильмдердин каармандары чагылдырылган.