Ливияда уурдалган Сербия жарандары изделүүдө

Сербия Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Ливиядагы элчиликте иштеген эки кызматкер белгисиз адамдар тарабынан уурдалды. Бири Салдьяна Станкович – коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн адиси, экинчиси Йовица Степич – айдоочу болуп иштейт. Алар Ливиянын түндүк-батышындагы Сабрата шаарында жоголду.

Министрлик окуянын чоо-жайын толук маалымдай элек. Бирок эки кызматкерди эч кандай зыян тарта электе табууга бүт аракет жумшалып жатканы кабарланды.

Ливияда 2011-жылы Муаммар Каддафинин бийлиги кулатылгандан бери бейпилдик орнобой келет.

Түндүк Африканын мунайга бай бул өлкөсүндө азыр кош бийлик орноп, өлкө аймагын атаандаш аскерий топтор колдогон эки өкмөт бөлүп алып башкарууда. (SE)