Лахордо кулаган фабрикада куткаруу иштери уланууда

Пакистандын чыгышындагы Лахор шаарында кулап калган фабриканын имаратында куткаруу иштери уланууда.

4-ноябрь күнү болгон кырсыктан кеминде 18 адамдын мерт кеткени кабарланууда.

Пакистан армиясы куткаруу операцияларына катышууда, бул ишке инженерлерди жана атайын адистерди да тартышты.

Баштык чыгарган фабриканын урандыларынын алдынан 100дөй адам куткарылды. Расмий өкүлдөрдүн айтуусунда, кырсык болгон учурда имаратта 150дөй киши болгон. Бирок фабрикада иштегендер киши саны мындан да көп экенин айтышууда.

Кырсыктын себеби азырынча тактала элек. Бийлик өткөн айда Пакистанда болгон 7.5 баллдык жер титирөөдөн имарат зыянга учураган болушу мүмкүн деген божомолду билдирүүдө.