“Кара тизмеден” 50 миң мигрант чыкты

Кыргыз мигранттары

Бул тууралуу эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанабев бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, 1-ноябрга карата 150 миң мигранттын 30 миңи гана Орусиянын аймагынан чыгып, кайра кирген.

Асанбаевдин буга чейин билдиргени боюнча, “Кара тизмеден” чыгууга мунапыс мөөнөтү узарган. Келишимге ылайык, мигранттар Орусиянын чек арасынан чыгып, кайра кирген учурда “кара тизмеден” дароо чыгышы керек эле. Бирок акыркы үч ай аралыгында мындай мүмкүнчүлүктү колдонгон кыргызстандыктардын саны болгону 30 миң адамга жетти. Асанбаевдин айтуусунда, Орусиянын миграциялык кызматы ал өлкөдө 170 миңдей Кыргызстандын жараны мыйзамсыз иштеп жүргөнүн маалымдаган. (КЕ)