Кафеге айланган кинотеатр

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аксыда жергиликтүү депутаттар кинотеатрдын кафе болуп иштөөсүнө каршы. Райондун борборундагы Кербен шаарында жайгашкан "Алтын-Казык" кино театрынын күтүү залы жеке ишкерлерге ижарага берилип, кафе катары иштөөсү нааразычылыктарды жаратууда. 300 орунга ылайыкташкан кинотеатр 1978-жылы курулган. Учурда кино залында түрдүү тасмалар көрсөтүлөт, анда 5 кызматкер эмгектенет.