Буга байланыштуу иш чарага 2-ноябрда өкмөт башчы Темир Сариев катышты. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоонун алкагында жаңы жабдуулар коюлуп, борбордун кубаттуулугу 2,5 эсеге көбөйөт.
Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн Кытай өкмөтүнөн 386 млн. доллар насыя алынган. (AiT)