Азербайжандагы шайлоодо башкаруучу партия жеңди

Азербайжан -- Добуш эсептөө. Баку, 1-ноябрь, 2015.

Жекшембидеги парламенттик шайлоодо президент Илхам Алиевдин "Жаңы Азербайжан" партиясы жеңишке жетти. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Мазахир Панахов алдын-ала эсепке караганда, бул партия парламенттеги 125 орундун 69ун алганын жарыялады. Шайлоого катышуу 56 пайызды түздү.

Өлкөдөгү оппозициялык партиялар калыс жана таза шайлоо өтпөйт деген негизде ага катышкан жок. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму да Баку байкоочуларынын санын кыскартууну көздөгөн соң шайлоого байкоо салуудан баш тарткан.