Мигранттардын “сыйкырдуу” автобусу

Автобустагы орундар сүрөттөгү кара түстөгү унаада сатылат. "Билеттин" баасын төмөндөтүүгө, соодалашууга болбойт.

Ичине мигранттарды салган “сыйкырдуу” автобус Орусиянын чек арасынан чыгып, бирок, Украинанын чек арасына кирбейт...

Май куюучу жайдагы иш таң атпай башталат. Май куюучу жай дегени эле болбосо, бул жер мигранттарга кирди-чыкты жасап берген жумуштун кайнаган чордону.  

Орусиянын ар тарабынан кирди-чыкты жасоо үчүн жолго чыккан мигранттар чек арага жетпей, жол жээктеги май куюучу бекетте токтойт. Унаа токтоочу жайга айланган бул жерде мигранттарга атайын түрдүү кызматтар сунушталат.

Автобуска алдын ала кезекке туруп, акы төлөө керек. Жаңы келген мигранттар автобустан орун алууну ойлонушууда.

Бул автобустагы бир кишилик орун – 1500 рубль

Автобустун ичинде мигранттар миграциялык карта толтурушууда.

Автобустар кезектешип жүрүшөт. Жалпысынан мигранттарды үчөө тейлейт. Бир күндө ар бири 3-4 жолу каттап, "кирип-чыгат". 

Миграциялык картаны ката толтургандарга кайра башка нуска берилбейт. Ошондуктан этияттык менен толтуруу керек.

Чек ара

Булар автобуска 1500 рубль төлөөдөн баш тартып, чек араны жөө өтүүгө келген мигранттар. “Сыйкырдуу” автобустагы мигранттар чек арада биринчи кезекте тейленет. Чек араны өздөрү өтүүнү чечкен мигранттарга ээн талаада көпкө турууга туура келет. 

Автобуста орун алган мигранттар. Погарга жалданма айдоочулар түнү менен жол жүрүшөт.