Баткен: той көркүн ачкан күрөш
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Фергана өрөөнүндө илгери той-топурлар күрөшсүз жана дарчыларсыз той өтчү эмес экен. Совет мезгилде бул салт аз солгундап, 90-жылдардагы каатчылык айынан байге сайып күрөш берүү таптакыр токтоп калган. Акыркы үч-төрт жылдан бери Лейлек күрөшү жанданганы байкалат. Күз келип, той сезону башталгандан бери бел боо байланган жигиттер өз күчүн сынап, алды машине, арты килем утуп жатышат. Видеодо: Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында өткөн тойдогу күрөш.