Египеттин Синай жарым аралында Орусиянын жүргүнчү ташуучу Airbus 321 учагы кырсыкка кабылды. «Когалымавиа» компаниясына таандык лайнер 217 жүргүнчүсү менен Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербургга учуп бараткан.
«Рейтер» агенттигинин маалыматына караганда, Египеттин премьер-министринин катчылыгы бул маалыматты тастыктады.
Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, аскердик авиация окуя болгон жерди курчоого алды, ал жакта учактын сыныктары табылды.
Ага чейин "Росавиация" мекемеси Ларнаки аймагынан бир учак радардан көрүнбөй жатканын билдирген болчу. (RK)