1-ноябрдын аба ырайы

Шашылыш эскертүү

1-2-ноябрда өзгөчө суук жана жаан-чачындуу болот. Маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.

Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп: 1-3-ноябрда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында -2°…+3°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 1…6°, тоо этектеринде -2°…+3° чейин болушу, 2-3-ноябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1°…+4° чейин, тоолуу райондордо -1…-6°, бийик тоолуу райондордо -5…-10° болот.

Аба ырайы

1-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болушу күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 3...8, күндүз 3...8,

Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 3...8,

Баткенде түнкүсүн 2...7, күндүз 7...12,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 3...8, күндүз 8...13,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14,

Нарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 9...14,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9...-14, күндүз -3...+2.

Бишкекте жаан жаап, карга айланышы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 5…7 градус болот.