Орусиянын аба мейкиндиги боюнча федералдык агенттиги Украинага эки өлкө ортосундагы учак каттамдарын жандантуу боюнча сүйлөшүүнү сунуштады, бирок муну Киев четке какты. Орус тарап катты 28-октябрда жөнөткөн.
Украинанын Инфраструктура министрлигинин өкүлү “Орусия Крым аймагына да учактарды токтоткон учурда гана сүйлөшүүлөр болушу мүмкүндүгүн” билдирди.
Украина Крымдын аннексияланышына жооп катары 25-октябрдан тарта Орусияга аба каттамдарын токтоткон. Андан соң Москва да ушундай кадамга барган жана муну “акылсыздык” деп атаган.
Бул тыюу салуулардан улам ай сайын 70 миңдей жүргүнчү жабыркайт. (SE)