Германия өлкөгө кирип жаткан качкындардын саны кескин көбөйүп кеткенинен улам миграция жараянын катаалдатып, качкын макамы берилбеген мигранттарды өз өлкөлөрүнө депортация кыларын билдирди. Быйыл Сирия, Ирак жана Ооганстандан чыккан миңдеген качкындар Балкан өлкөлөрү аркылуу Германияга өтүп, бул байгер өлкөдөн башпаана алууга ниет кылышкан. Буга Германияда башка өлкөлөргө салыштырмалуу качкындарга берилчү жөлөк пулдун көптүгү да себеп болгон.
Германия ички иштер министри Томас де Мезьер 28-октябрда өлкө Рождество майрамына чейин качкын макамын алуу жараянын жеңилдетүүгө аракет кылып жатканын, бирок мындай макам албаган мигранттар сөзсүз артка кайтарыларын билдирди. "Жакынкы күндөрдө депортацияга дуушар болгондор кескин көбөйөрүнө ишенем", - деген министр ушу күнгө дейре өлкө миңдеген качкындарга баш паанек берүүдөн баш тартканын да кошумчалады.
Ишки иштер министри Ооганстандан келген качкындар кескин көбөйгөнүн да белгилеп, бул боюнча расмий Кабул менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Анын сөзүнө караганда, Ооганстандан келген качкындар Германияда калууга үмүт кылбай койсо деле болот.