Байыркы Оштун майрамы

Салтанат менен катарлаш жүргөн соода. 

Оштун 3015 жылдык тарыхын массалык театрлаштырылган оюн-зоок менен көрсөтүүгө 1500дөй студент жана окуучу катышты. 

Майрамдын тазалыгын көзөмөлдөгөндөр.

Борбордук аянтта Оштун азыркы күнгө чейинки тарыхы көрсөтүлдү.

Шаар тургундарын калаа мэри, президенттин жана өкмөттүн аппарат жетекчилери куттукташты.

Ош шаарынын күнү "Алтын күз" жармаңкеси менен коштолду.

7 килограммдык эң чоң нан.

Жармаңкеде балык фермасынын тирүү балыктарына кызыккандар көп болду.

Жармаңкеге бир жарым тоннага чейин эт берүүчү асыл тукум уйлар да алынып келген. 

Шаар күнүнө арналып өтүп жаткан "Алтын күз" жармаңкесинде жашылча-жемиштерден тарта, балык, уй, кой, топоз эттери жана сырага чейин тизилип турду. 

Майрамдык салтанат учурунда киреше таап калууга аракет кылган шаардыктар.

Калаадагы эң мыкты сүрөтчүлөрдүн эмгектери да жармаңкеге коюлду.

Улуттук кийимдердин модасын көрсөтүүгө даярданып жаткан кыздар.

"Боорсок" жармаңкесине Оштогу нандардын түрү сунушталды.

"Боорсок" жармаңкесине келгендер шириндиктерден ооз тийип кетишүүдө. Жармаңкеге Кытай, Орусия, Казакстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн Ош шаары менен достук мамилеси бар шаарларынан да коноктор чакырылган.

"Боорсок" жармаңкесине бала бакчалардын жамааты жасап келген шириндиктер.

Боз үй жана короодогу жазуу.