Кыргызстанда 29-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде бир аз жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт.
Тоолуу аймактардагы унаа жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24.
Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23.
Баткенде түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2....7, күндүз 12....17.
Нарын облусунда түнкүсүн -4...1, күндүз 11...16 градус жылуу болот.
Бишкекте 29-октябрда жаан жаабайт.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн 8...10 градус, күндүз 19....21 градус жылуу болот.(AzK)