Кыргыз товары Москвада
Кыргызстандын соода-өндүрүш палатасынын Москвадагы өкүлү Обозкан Сардарбековдун айтымында, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эт-сүт азыктарына кошумча сертификаттар талап кылынгандыктан, атамекендик эт-сүт чыгарчу ишканалар жармаңкеге катыша албай калган.
Жармаңкеге Кыргызстандын бал өндүрүүчүлөр жана кол өнөрчүлөр союздарынын, суусундук чыгарчу “Шоро” жана “Келечек”, Ысык-Көл облусунан шире чыгарган ишканалардын өкүлдөрү катышууда.
Иш-чара Москва шаардык өкмөтүнүн тейлөө жана соода департаменти менен бирдикте уюштурулуп, Москвадагы "Киргизия" кинотеатрынын алдында уланууда.
Кыргыз балы Орусияда жогору бааланат. Кыргызстандын бал өндүрүүчүлөр союзу 14 түрлүү 12 тонна бал алып келишкен.
Кол өнөрчүлөр тиккен буюм-тайымдар да жармаңке көркүн ачты.
Калпак кийүүгө кызыккан москвалык.
Москвалык кардарлар. Кийизден жасалган баш кийимдер көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты.
“Кыргыз балын сатабыз” деген жергиликтүү сатуучу.
Уюштуруучулар тарабынан жармаңкенин ортосуна атайын боз үй тигилген.
Ысык-Көлдүн апорттору Москвада 60 рублдан сатылууда.
10 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенген Айнек Иманалиева москвалыктарга моюнга салган жоолуктар көбүрөөк жакты дейт.
Көлдүн алмасы. 12 тонна көлдүн алма менен алмурутун алып келген Азамат 3 күндө 4 тоннасын саттым дейт.
Жарманке 21-октябрдан 28-октябрга чейин өтмөкчү.