Кыргызстанда экстремисттик аракеттердин саны өстү

ИИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, 2015-жылдын тогуз ай аралыгында өлкө боюнча экстремизмге байланыштуу 279 факт катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 20,7 пайызга көп. Алардын негизинде 122 кылмыш иши козголгон.

Ушу кезге чейин ИИМдин каттоосуна экстремисттик уюмдардын 1844 тарапкери киргизилген. (AzK)