Түркиянын Кемер-Кумлужа жолунда жүргүнчүлөр менен бараткан автобус жолдон чыгып кетип,12 адам жабыркады. Арасында бешөө Кыргызстандын жараны. Биринин абалы оор. Баары бейтапканага жеткирилген. Окуя 24-октябрда болду.
Түркиянын Haberler агенттиги маалымдагандай, автобус Анадолу аймагындагы мейманкананын кызматкерлерин Анталияга алып бараткан болчу. (SE)