Журналистти күч кызматкерлери сабаганы айтылууда

Абактан качып, 22-октябрда атып өлтүрүлгөн Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда super.kg порталынын кабарчысы Максат Орозумбетовду сабап, видеокамерасын алып кеткендер милиция кызматкерлери экенин аталган басылмадан кабарлашты. Маалыматка караганда, бул тергөө учурунда аныкталды. Бишкек ШИИБ окуя териштирилерин белгиледи, бирок камераны милиционерлер алганын бышыктай элек. Камера азырынча табылган жок.

Маалыматка караганда, операция аяктаган кезде топтолгон жигиттер келип, журналистти ур-токмокко алган. Камерасын алып кетип, изин жашырган. Журналист бул боюнча милицияга арыз жазган.

Максат Орозумбетов сабалган кезде жакын жерде турган күч кызматкерлери жардам бербей койгонун айтууда.

22-октябрда кечинде Бишкектин Достук кичи районунда абактан качкан Алтынбек Итибаев байкалып, ал жашынган №8 беш кабаттуу үй курчоого алынып, атышуу болду. Натыйжада Итибаев атып өлтүрүлдү. Андан сырткары, милициянын атайын кызматынын бир жоокери жана эки жайкын тургун набыт болду. (SE)