Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Жапония премьер-министри Синдзо Абэни Борбор Азиядагы сапары учурунда аймактагы адам укуктарына байланышкан аянычтуу абал боюнча маселени козгоого чакырды. Уюмдун белгилешинче, аймактагы саясий куугунтуктоолор, укук коргоочулар менен жарандык активисттерди камоолор, сөз эркиндигине мамиле жана кыйноолор өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Мындан улам эл аралык уюм жапон премьерин аймактагы өкмөт башчылар менен өз-өзүнчө жолукканда бул маселени да сөз кылууга үндөдү.
Жапон премьеринин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү иш сапары бүгүн башталды. Делегация курамында элүү чакты адам бар, көпчүлүгү жапон ишкерлери.
Сапар алдында Абэ Жапония Борбор Азия өлкөлөрү жана Монголия менен кызматташтыгын чыңдоого кызыкдар экенин айткан. Жапон өкмөт башчысы акыркы он жыл ичинде бул аймакка алгач ирет келип отурат. Ал Кыргызстанга, Түркмөнстанга жана Тажикстанга келген биринчи жапон премьери болмокчу. Синдзо Абе Кыргызстанга 26-октябрда келери кабарланууда.