Төө буурчакка байланыштуу митинг эртең уланмай болду

Төө буурчактын баасын көтөрүү талабы менен жергиликтүү дыйкандар тобу бүгүн Талас облустук администрациясынын алдында митинг өткөрүштү. Милициядан “Азаттыкка” билдиришкендей, фермерлер алгач музыкалык окуу жайдын жанына топтолуп, андан соң облакимчиликке келишти. Митингге 300 чамалуу адам катышты. Алар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, маселени чечүү жолдору изделип жатканын түшүндүрүштү. Фермерлер акцияны эртең Кара-Буура райондук администрациясынын алдында улантарын айтып тарап кетишти.

Өткөн аптада да Таластагы дыйкандар төө буурчактын баасы быйыл арзан болуп жатканына нааразылык билдирип чыгышкан. Бул маселе өкмөттө да көтөрүлүп, жагдайды иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн.

Учурда төө буурчактын 1 килограммы 25 сомдон 35 сомго чейин алынууда. Мурдагы жылы төө буурчактын 1 килограммы 100 сомдун айланасында сатылган. (SE\SS)