Америка университетинин жаңы конушу

Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы кампусу  Бишкектин түштүк аймагында тоо этектеп жайгашкан.

Кампуска кирээр замат сизди жөнөкөй костюмчан, жылмайган кароолчу тосуп алат.

Ар бир кабатта бир нече чакан кафетерий жайгашкан.

Кампус төрт кабаттан турган эс алуу борборун элестетет. Анын ар бир кабатында мугалим жана студенттер үчүн тамактануу жана эс алуу жайлары орун алган.

Окуу жайда кыргызстандык студенттерден сырткары Тажикстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан, Өзбекстан, Түркиядан келип билим алышат. 

Кампустун конструкциясы жөнөкөй, кымбат жасалгоолорду көрбөйсүң.

Кампуста 200 орундуу заманбап техника менен жабдылган эки жыйын залы бар. 

Ар бир кабатта китеп окуп, сүйлөшүп же эс алып жаткан студенттерди көрүүгө болот. Коридорлор чоң жана жарык, үңүрөйгөн бөлмөлөрдү дээрлик кездештирбедик.

Окуу жайдын ар бир лекция бөлмөсү терезе менен тосулган. Демек анын ичинде өтүлүп жаткан сабакты көрүүгө болот. 

Кампуста чет элдик адабиятка бай, студенттердин окуусуна ыңгайлуу болгон чоң китепкана бар.

Лекция бөлмөлөрүнүн эң ириси 30-40 адамга ылайыкташкан. 

Ар бир студенттин жеке кутучулары бар. Студенттер кампуста өзүн абдан эркин сезет. Коридордо скейт тээп жүргөн балдарды да көрүүгө болот. 

Чоң лекция залдардан сырткары чакан сабак бөлмөлөрү бар. Алар балдардын өз алдынча иштеп, бири бири менен баарлашуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

Кампус кышында жылуу, жайында салкын тартып турат. Айтмакчы, табигый энергия менен жылыган Борбор Азиядагы алгачкы окуу жай. 

Окуу жайдын төртүнчү кабатында чоң спорт зал жайгашкан. Мындан сырткары студенттердин тандоосуна жараша бир канча ийрим бар. 

Кампустун мугалимдеринин жеке бөлмөлөрү жок. Ондогон мугалимдин бир залда чакан иш орундары бар. 

Бир жылдык окуу акысы 2000 доллардан 5000 долларга жетет. Бирок студенттин билим деңгээлине жана социалдык абалына жараша жеңилдиктер каралган.

Борбор Азиядагы Америка университетинин 2500 бүтүрүүчүсү дүйнөдөгү эң ири ​ Гарвард, Йель, Сорбонна окуу жайларында билимин улантып, алдыңкы компанияларга ишке орношкон.